Парламентте үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунушталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева кайрылуу жасап, кыргыз, орус жана англис тилдеринде билим берүү системасын сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл өкүлү бул келечек үчүн Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маанилүү экенин, предметтерди англис тилинде окутууну бүгүнтөн баштоо керектигин айтты. «Англис тили — илим-билим, технологиянын тили. Албетте, реформа үчүн каражат талап кылынат. Бирок биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат деген ишеничтемин. Айрыкча, эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты кыргыз орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат”,— деди Темирбаева.

Муну менен катар англис тилинде сабактарды окутуу эффективдүү болорун белгилеп, жогорку окуу жайларына пилоттук негизде киргизүү, өзгөчө техникалык окуу жайлар үчүн бул өтө маанилүү экенин кошумчалады. Ага ылайык, көтөрүлгөн маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине тапшырма берүү керектигин билдирди. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты