Парламентте Башкы прокуратура боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын депутаттарга мамилесин териштирүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

Ал башкы көзөмөл органынын ишин сындаган күнү аны жана кесиптеши Шайлообек Атазовду эки тергөөчү суракка алып кеткенин айтып, муну менен Башкы прокуратура Баш мыйзамды, Жогорку Кеңештин регламентин жана депутаттын макамы жөнүндө мыйзамды бузганын билдирди.

Токторбаев депутаттык комиссия окуяны иликтеп, укуктук баа бериши керек деп эсептейт.

«Жогорку Кеңеш режимдик, стратегиялык объект. Прокуратура кызматкерлери ар бир депутатка тоскоолдуксуз иш бөлмөсүнө кирип, мажбурлап суракка алып, алып кетип жатат. Бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же мыйзамды түшүнбөгөндүкпү? Башкы прокуратура аша чаап, өзүнүн иш-аракеттери менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин регламентин, депутаттын статусу жөнүндө мыйзамдарды одоно бузду», — деди Жеңишбек Токторбаев.

30-ноябрда депутаттар Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада сурак берип чыгышкан. Прокуратура депутаттар парламенттин жыйынында айткандарын текшерүү үчүн суракка чакырылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты