Парламент оюн-зоок жайларын мамлекеттик менчик объекттеринде жайгаштырууга уруксат берүү мыйзамын кабыл алды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үч окууда бир каралып, кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева тааныштырды. 

Анын айтымында, мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин субъекттерине өз ишин мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объекттеринде жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан. 

Мыйзам долбоору менен оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамына оюн-зоок бизнесинин субъектилерин мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мейманкана комплексинде жайгаштырууга уруксат берүүчү өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Административдик-процесстик кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты