Парламент Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетишине макулдук берди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 26-июнда, Жогопку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан өз каалоосу боюнча кетиши тууралуу маселе каралды. Парламент көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетишине макулдук берди.

Депутат Гуля Кожокулова Улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаевдин ишинин жакшы жагын белгилеп, ал төраганын 7 жылдык мөөнөтүн аягына чейин чыгарбаганын, анын кетишинин себебин билели десек, өзү жыйынга катышкан жок экенин белгиледи.

Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кете турганы жана анын себеби башка кызматка бараары кабарланган.

Кубанычбек Бөкөнтаев 2021-жылы Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты