Парламент комитетинде Суусамыр-Талас-Тараз ажолун оңдоого багытталган макулдашуулар каралды

  • 1 год мурун

Парламент комитетинде Суусамыр-Талас-Тараз ажолун оңдоого багытталган макулдашуулар каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында сунушталган долбоорду транспорт жана коммуникация министринин орун басары Акуналы Досалиев тааныштырды. Ал белгилегендей, долбоор жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда Суусамыр-Талас-Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 миллион долларды түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген тартипте 50 мдоллар өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берет.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов документти бекитүү стадиясында турганда айрым чыгашаларга тиешелүү беренелерин кароого чакырып, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 15,7 миллион долларлык чыгымдарды кыскартуу зарыл экендигине көңүл бурду.

Депутат Бактыбек Чойбеков Ислам өнүктүрүү банкынан 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам бөлүү шарттарына кызыгып, 1,5%дык үстөк пайызы жогору экенин кошумчалады. Өз кезегинде каржы министринин орун басары Руслан Татиков кызмат көрсөтүү үчүн төлөм кредиттин суммасынын жылдык 1,5 пайызынан ашпай тургандыгын белгиледи.

Андан тышкары, депутат Исхак Масалиев 105,2 млн долларлык макулдашуунун бирдиктүү долбоору эмне үчүн комитеттин кароосуна жиберилбей жатканын сурап, жолдорду оңдоого башка эл аралык фонддор да катыша тургандыгын жүйө келтирди.  

Ал эми Руслан Татиков: “Алгач макулдашуулар өз өзүнчө киргизилип, ратификацияга бирдиктүү документ берилет. Ага ылайык, алгач Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоорун жактырууну суранып жатабыз”, — деди.

Ошондой эле талкуу маалында комитет төрагасы Мурадил Сыдыков менен депутат Тазабек Икрамов долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компанияларды тартуу маселесин көтөрүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты