Парламент комитетинде нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүлдү

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу ундун, нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрдү.

«Эмне үчүн ун, нан кымбаттап кетти? Нандын баасы 35-40 сомго чыгып кетиптир. Ун миң сомго кымбаттады. Эмнеге карабайсыңар? Эмнеге чара көрбөйсүздөр?» — деп сурады депутат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев тиешелүү чаралар колдонулуп жатканын айтты. «Өткөн бейшембиден баштап казак унуна карата баа өсүп баштады. Себеби бүгүнкү күндө Казакстандан келген ундун көлөмү кескин түрдө кыскарды. Ошол жердеги сатуучулар кыргыз тарапка жөнөтпөй жатышатат. Бул боюнча тиешелүү чаралар колдонулуда. Кечээ күнү өкмөткө тиешелүү сунуштарды бердик», — деди Мамыралиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты