Парламент комитети Министрлер кабинетин отставкага кетирүү демилгесин четке какты

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Акылбек Жапаров баш болгон Министрлер кабинетинин отставка кетирүү демилгесин четке какты. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын консультанты Мирбек Мунарбек уулу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган маселени 28-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети кезексиз отурумунда карап, чечимди четке каккан.

«Тармактык комитеттен чечимди четке кагуу тууралуу сунушту депутат Жусуп Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан кабыл алынган. Комитеттин отурумуна 7 депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес», — деп жазды Мирбек Мунарбек уулу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты