Парламент комитети экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.

Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.

Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты