Парктардагы аттракциондордун коопсуздугу текшерилүүдө

  • 5 месяцев мурун

Өлкө ичинде жайкы сезон жана 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата атракциондорду массалык текшерүү башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Бишкектеги Панфилов паркында өткөн текшерүүдө аттракцион ээлерине жана операторлорго коопсуздук талаптары боюнча маалымат берилди. Учурда Кыргызстанда 300дөн ашуун аттракцион иштейт. Алардын көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан.

Министрлик коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондорду иштетүүгө тыюу салынарын эскертти. Ошондой эле, мыйзам бузгандарга 10 миңден 45 миң сомго чейин айып пул салынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты