Париж сотунда Павел Дуровдyн бөгөт чарасы каралат  

  • 3 недели мурун

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павла Дуровдун бөгөт чарасын кароо үчүн сотко жеткиришкенин Le Figaro жана AFP басылмалары билдирди.

Ал басылмалар соттун жүрүшүнүн чоо-жайын айтышкан жок.

Франциянын мыйзамдары аны 96 саатка убактылуу кармоого уруксат берет. Андан кийин сот Павел Дуровду же бошотуу, же айып коюп, камакта калтыруу чечимин кабыл алышы керек.   

28-август күнү кечинде Павел Дуровдун убактылуу камоо мөөнөтү аяктайт.

24-августтун кечинде француз телеканалдары TF1 LCI жана BFM TV Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Азербайжандан бизнес-жет менен учуп келген учурда кармалганын кабарлаган.

TF1 укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Дуров мессенжердин негиздөөчүсү катары маңзат аткезчилигине, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып жаткан болушу ыктымалдыгын жазган.

Сүрөттө: Павел Дуров. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты