Париж соту Дуровдун бардык паспортторун алып койду

  • 2 недели мурун

Парижде сот тергөө бүткөнгө чейин Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү жана миллиардер Павел Дуровдун бардык паспортторун алып койду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Париждин жана Ниццанын адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Ирина Сидоровага шилтеме кылып кабарлады.

Буга чейин Liberation басылмасы Париж прокуратурасынын билдирүүсүнө таянып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган Дуровдун «бардык паспорттору алынарын» жазган. Дуровдо Орусиянын, Франциянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Сент-Китс жана Невистин жарандыктары бар.

Сидорованын айтымында, эгер Дуров Франциянын аймагынан чыгууга аракет кылса, ал кайра камакка алынышы мүмкүн.

Париж соту Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон. Ошондой эле ал күрөөгө беш миллион евро коюуга жана жумасына эки жолу полицияга барып турууга милдеттендирилген.

Дуров Париждин четиндеги «Ле-Бурже» аэропортунда 24-августта Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган. Франциянын бийлиги аны төмөнкү кылмыштарга айыптап жатат:

  • Уюшкан топтордун мыйзамсыз келишимин ишке ашыруу үчүн онлайн-платформаларды башкарууга катышуу;
  • Укук коргоо органдарынын сурамы боюнча тергөөгө керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартуу;
  • Жашы жете электер менен тартылган порнографиялык контентти сактоого катышуу;
  • Мындай контентти таркатууга катышуу;
  • Маңзат таратууга жана сактоого катышуу;
  • Киберкылмыштарга катышуу;
  • Уюшкан кылмыштуу топтун курамында алдамчылыкка катышуу;
  • Оор кылмыш жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө баруу;
  • Акча адалдоо;
  • Лицензиясыз криптологиялык кызматтарды көрсөтүү;

Криптологиялык жабдууларды алдын ала декларациядан өткөрбөстөн жеткирүү;

Мындай жабдууларды импорттоо.

Эгер Дуровго бул айыптоолордун баары тагылса, анда ал ондогон жылдарга соттолушу мүмкүн.

Сүрөт: Павел Дуров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты