Паралимпиада күндөлүгү: Гүлназ Жүзбаева улуттук рекордду жаңыртты
- 2 недели мурун
1-сентябрда Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева 1500 метр аралыкка чуркоодо 6 мүнөт 11,36 секундда келип, улуттук рекордду жаңыртты. Бул тууралуу Спорт департаменти билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жөө күлүк коштоочусу Юлия Фернас менен көзү азиз спортчулардын арасында жалпы жыйынтыкта 13-орунду ээледи.
Эске салсак, XVII Жайкы Параолимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 28-август күнү башталган.
Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу 4 спортчу катышууда.
Сүрөт: minculture.gov.kg
Муну бөлүшүү