Панфиловдун Курама айылындагы турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, опузалап пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 17-мартында Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Р. жергиликтүү тургун А.С.Г. аттуу жарандан аны административдик жоопкерчиликке тарттырбоо үчүн 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты