Панфилов районунда окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу иш-чарасы өттү
- 5 месяцев мурун
Панфилов РИИБинин кызматкерлери район аймагындагы мектептерде окуучулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш-чара жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана мектеп рекетчилигинин алдын алууга багытталды.
Жолугушууларда окуучуларга мыйзам талаптары, укук бузуу үчүн жоопкерчилик жана туура жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле сергек жашоо образын кармануу жана коомдук тартипти сактоо боюнча чакырыктар айтылды.
Иш-чара суроо-жооп менен жыйынтыкталып, өспүрүмдөрдүн укуктук аң-сезимин жогорулатууга багытталды.
Муну бөлүшүү




