Панфилов райондук электр тармагынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

  • 2 года мурун

Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан Панфилов райондук электр тармактарында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө аталган мекеменин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 605 миң 749 сом болгон товардык-материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, материалдык зыян 1 миллион 605 миң 749 сом толугу менен өндүрүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.

Учурда иш кароо алдында турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты