Пакистанда жер көчкүдөн 12 киши каза болду

  • 2 недели мурун

30-августта Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында болгон жер көчкүдөн 12 кишинин өмүрү кыйылды. Жер көчкү соңку бир нече күндөн бери жаан тынбай жаап жаткан Жогорку Дир аймагында болду. Бул тууралуу «Азаттык» Пакистандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таянып, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, каза тапкандардын үчөө аял, үчөө эркек, калгандары балдар, баары бир үй-бүлөдөн чыккан жакын туугандар болгон. Кырсык жумага караган түнү, эл уктап жаткан учурда болуп, куткаруучулар сөөктөрдү алып чыгышканы айтылды.

«Азыркы тапта да Пакистандын айрым аймактарында нөшөр жаан жаап жатат, бийлик мындай абал сел, ташкын жана көчкү коркунучун жаратышы ыктымал экенин эскертүүдө»,-деп айтылат Азаттыктын материалында.

Сүрөт: «Азаттык радиосу», Хайбер-Пахтунхва провинциясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты