Оштун жашоочусунан 2 килограммга жакын гашиш алынды

  • 1 год мурун

Ош шаарынын жашоочусунан 2 килограммга жакын гашиш алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Ош шаарынын жашоочусу 1987-жылы туулган К.Днын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган. Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат 1 килограмм 904 грамм салмактагы афган түспөлүндөгү “Гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши  козголуп, кармалган жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты