Оштун Нариман айылында ири өрт кырсыгы катталды

  • 2 года мурун

Оштун Нариман айылында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Оштун Нариман айылында Турак үйдүн 2 кабаттуу сарайы 150 түк чөбү менен толук өрттөнүп, өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өтүп күйгөн. Өрттүн чогу ошол эле учурда дагы бир турак үйдүн короосунда жаткан 100 түк беде чөпкө чачырап, ал толугу менен күйүп кетти.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым эсептелүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты