Оштун мэри шаардагы жылуулук менен камсыздоо ишканаларын кыдырды

  • 2 года мурун
Оштун мэри шаардагы жылуулук менен камсыздоо ишканаларын кыдырды

7-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кышкы мезгилде жылуулук берүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын алкагында муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын отканасына, Ош Жылуулук электр борборуна, Ош РЭТ ишканасына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө мэрге учурдагы жылытуу мезгилинде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, жылуулук жана электр энергия менен камсыздоочу ишканалардын бардык зарыл иш-чаралардын аткарганы боюнча маалымат берилди.

«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын карамагында 88 откана бар, анын 19у электр энергиясы, 69у көмүр менен иштейт. Бул ишкана жалпысынан 306 көп кабаттуу үйдү, 36 мектепти, 29 бала бакчаны, 12 медициналык мекемени, 9 жогорку окуу жайды, 98 мекеме-уюмду жылуулук менен камсыз кылат.

Ош шаарынын ЖЭБинде керектүү көлөмдө отун камдоо иштери жүргүзүлүп, бардык от казандар толук ишке киргизилген. Ишкана тарабынан 36 билим берүү мекемеси, 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 8 жогорку окуу жайы, 4 өнөр жай ишканасы жана 371 мекеме-уюмдар жылуулук менен камсыз кылынууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты