Оштун мэри мыйзамсыз курулган жана курулуп жаткан объектилерди текшерди

  • 2 года мурун

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев шаарда бир катар мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган объектилер менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач Черемушка кичи районундагы Раззаков атындагы мектептин курулушу менен таанышып, курулуш иштерин бүтүрүү үчүн аталган объектти Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек, бул мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, учурда мектептин курулушун бүткөрүүгө каражаттын жоктугунан курулуш иштери токтоп турат.

Андан ары тиешелүү документтери жок иштеп, кызыл сызыкка чыгып кеткен бир катар коомдук тамактануу жайларын көрүштү. Ошондой эле, Сулайман-Тоонун буфердик аймагында жайгашкан жана тиешелүү нормаларды бузуу менен салынып жаткан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө да барышты. Тиешелүү шаар куруу бөлүмдөрүнө бул объектилер боюнча мындан ары чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты