Оштун мэри Ак-Бууранын боюндагы саясатчылардын имараттарын эртерээк бузууну тапшырды 

  • 1 год мурун

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ак-Буура дарыясынын корук аймагына кирген обьектерди көрүп чыкты. 

Ал жерлерди бузуу иштери жай жүрүп жатканына айтты. 

Мэриянын маалыматына караганда, Токторбаев бул аймакта Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековко таандык болгон имаратты бузуу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Августтун башында Ош шаарында мурдагы саясатчылар Асылбек Жээнбеков, Акматбек Келдибеков жана башкаларга тиешелүү имараттар буздурулуп жатканы кабарланган. 

Бул имараттар Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Насирдин Исанов көчөсүндө жайгашкан. Негизи суу корук аймагы 50 метр болушу керек. Бирок айрым аткаминерлер ресторан, кафе, медборбор сыяктуу коммерциялык имараттарды жээкке мыйзамсыз салып алышкан. 

Мыйзамсыз объект салгандардын арасында ЖКнын мурдагы депутаты Урмат Аманбаева, анын иниси мурда элчи болгон Бакыт Аманбаев, өмүр бою салык кызматында  иштеген Эрмек Чоюновдун дагы аты аталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты