Оштун борбордук аянтына жакын жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 2 недели мурун

Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жайгашкан 4 кабаттуу үйү бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумунун жетекчиси болуп турган учурда жалпы аянты 266 чарчы метр болгон окуу жайдын жер тилкесин менчиктештирип, Ош шаарындагы Мухтар Нургазиев көчөсүнүн (мурдагы Клубная көчөсү) №3 дарегинде 4 кабаттуу 647,28 чарчы метр курулуш тургузгандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен менчик ээси жогоруда аталган 4 кабаттуу үйү бар жер тилкесин Ош шаардык мэриясынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Белгилей кетсек, аталган мүлктүн наркы 50 миллион 241 миң 145 сомго бааланган.

Учурда УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты