Оштун Араван районунда кызмат адамына пара берүүгө шектелген жаран кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ош облусунун Араван районунун тургуну К.И.Р аттуу жаран «Кадастр» мекемесинин кызмат адамына пара берүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ал пайдалуу аянты 2000 чарчы метр соода борборунун имаратын суу коргоо зонасынын аймагына мыйзамсыз тургузуп алганы аныкталган. Ошол эле учурда, Араван райондук архитектура башкармалыгы жана Ош облусу боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан имаратты пайдаланууга уруксат кагаздарын берүү мыйзамсыз болгон.

Мындан тышкары, уруксат кагаздарын алуу максатында жогорку даражадагы мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, ошондой эле «соода борборунун ачылышына президенттин катышуусу болжолдонууда» деген жалган маалыматты колдонгон.

Натыйжада 9-августта шектүү УКМКнын аймактагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогоруда аталган мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксат кагаздарынын негиздүүлүгү боюнча экспертизанын корутундусун алууга жана алардын жоопкерчилигин андан ары кароого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты