Оштун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ берүү токтотулат

  • 12 месяцев мурун

Оштун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” ишканасы Курманжан Датка, Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусун аныктап, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу, бүгүн 15-август күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотуларын билдирет.

Жаратылыш газын берүү төмөнкү даректер боюнча өчүрүлөт: Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрү.

Ишкана шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп ачык калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты