Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат
- 1 год мурун
Ушул жылдын 30-июнунан тарта ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош — Ысык-Көл — Ош багыты боюнча аба каттамын ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Маалыматка ылайык, каттам 31-августка чейин иштейт.
Муну бөлүшүү