Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

  • 2 года мурун

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи авиакаттам менен Оштон 100 жүргүнчү учуп келсе, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти.

«Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) аткарууну пландаштырууда.

Авиакаттамдар сентябрга чейин аткарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты