Рулда 17 жашар бала болгон. Оштогу жол кырсыгынан үч өспүрүм каза тапты

  • 11 месяцев мурун

1-июндан 2-июнга караган түнү Ош шаарынын Озгур айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан 17 жаштагы айдоочу жана 15 жаштагы эки жүргүнчү каза болгон.

Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, айдоочу Т.Б. атасына таандык болгон унааны үйдөн уруксатыз айдап чыккан.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты