Оштогу жаңы салына турган базардын орду өзгөртүлдү

  • 2 месяца мурун

Ош шаарында жаңы салына турган муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода борборунун маңдайындагы жерге курулат.

Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.

22-июлда Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолукту. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрду калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын айтышты.

Мэр көпүрөлөрдүн баары алынарын, соодагерлер жаңы базарга 1-2 айдын ичинде көчүшү керек экенин түшүндүрдү. Соодагерлер жаңы базар салына турган жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушкан. Буга чейин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген.

Соодагерлер Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып үч күндөн бери чогулуп жатышат.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты