Оштогу видеону Тажикстанда деп. Гуманитардык жардам тууралуу видеону кантип бурмалашкан?
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Тажикстандын “Дар Сархад” Телеграмм каналында, “Тажиктер гумжардам таратып жатат” деген сыяктуу видео жарыяланган. Социалдык тармактарда бул Кыргызстанда гуманитардык жардам чогулткан учурунда тартылганын айтып жатышат. Биз, “ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
пруф pic.twitter.com/iFXpWBtaxq
— aik (@aikuha__) September 19, 2022
Социалдык тармактын колдонуучулары, бул видео Ошто тартылгандыгы тууралуу билтирүүлөрдү калтырышкан.
“Бул Оштун борбордук аянты”, “Эгер мен жаңылбасам кадрдагы Оштун мэриясы”.
Видеонун артында турган имарат Ош шаардык мэриясынын имаратына окшош.
Ал эми гумжардам таратып жаткан баланын футболкасында “Aссеss” деген жазуу бар. Буга чейин Кыргызстандын Улуттук каналы Ош шаарында Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардам даярдалып жаткандыгы тууралуу видео-материал даярдашкан. Гуманитардык жардам таратып жаткандардын арасында “Aссеss” деген жазуусу бар футболкачан баланы байкоого болот. Ал сөз болуп жаткан видеодогу балага окшош.
Жыйынтык: Тажик телеграмм каналында тараган видео Ош шаардык мэриясынын алдында гумжардам таратып жаткан учурда тартылган.Анын Тажикстан менен байланышы жок.