Оштогу “Манас-Ата” кафесинин ишин комиссия карап жатат

  • 2 года мурун

Оштогу “Манас-Ата” кафесинин ишин комиссия карап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык “Манас-Ата” кафеси комиссия тарабынан текшериле баштады.

Биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген комиссиянын курамына санитардык көзөмөлдөө борборунан, “Ош электро”, “Тазалык”, “Ошшаарсууканал”, Архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кирди.Комиссия бардык жагдайларды иликтеп бүткөнгө чейин тамактануучу жай жабылды. Суусу жана электр энергиясы өчүрүлүп, Тазалык ишканасы да келишимди токтотту. Ошондой эле жайгашкан жеринин мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Комиссиянын иликтөөсүнөн соң кафенин ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты