Оштогу коммуналдык кызматтарга күчөтүлгөн режимде иштөө тапшырылды

  • 2 года мурун

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кыш мезгилиндеги жылуулук боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана кызматтардын жетекчилери күз-кыш мезгилиндеги жылытуунун жүрүшү, адистештирилген коммуналдык ишканалардын жолдорду тазалоого даярдыгы, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардагы көмүр запастары боюнча маалымат беришти. Билим берүү мекемелери офлайн режиминде да, онлайн режиминде да окууга толук даяр экендиги белгиленди.

Мэр болжолдонгон сууктан улам шаардын бардык муниципалдык кызматтары жана ишканалары күчөтүлгөн режимде иштөөсүн тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты