Оштогу Ак-Буура дарыясында эркек кишинин жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Оштогу Ак-Буура дарыясында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча, 1-августта Ак-Буура дарыясына болжол менен 50-55 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү