Оштогу А.Навои көчөсүндөгү борбордук базар  жабылат

  • 2 года мурун

Оштогу А.Навои көчөсүндөгү борбордук базар  жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылацык, базар 20-январда жабылат. 

“Белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууңуздарды өтүнөбүз. 

Белгилей кетсек, аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат.

Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт”, — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты