Оштогу №47 орто мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алып салынды

  • 4 месяца мурун

Оштогу №47 орто мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алып салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы С. Айни көчөсүндө жайгашкан №47 орто мектебинин аймагындагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар ээсинин макулдугу менен буздурулууда.

Белгилей кетсек, “Дорул-шифо” клиникасы узундугу 131 чарчы метрден ашуун чатырын, 35 чарчы метр жерге жайгашкан отказанын аталган мектептин короосуна куруп алган.

Бүгүнкү күнгө чейин ижара акысы төлөнбөй, эч кандай уруксат кагазы жок иштетилип келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты