Ошто ЖОЖ кафедра башчысына мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кылмыш иши козголду
- 1 неделя мурун
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Ошто жогорку окуу жайлардын биринин кафедра башчысыныны мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктады. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз сый акы алуу беренеси менен кылмыш иши козголду.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, буга чейин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилигине Ош облусунун Ноокат районунун тургунунан арыз түшкөн. 2024-жылы ал кызын студенттердин тизмесинен тапкан эмес. Бирок он жыл бою ЖОЖ кафедра башчысы аларды алдап келген. 2014-жылы абитуриенттин апасы, Ноокат районунун тургуну кафедра башчысына кызын жогорку окуу жайга өткөрүү үчүн 75 миң рубль бергени көрсөтүлгөн. 2019-жылы ошол эле окутуучу айрым керектүү документтерди толтуруу үчүн 19 миң сом, 2022-жылы жогорку билими тууралуу диплом үчүн 20 миң сом алгандыгы айтылат. 2024-жылы да акча сураган.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 2-бөлүгү, мыйзамсыз сый акы алуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Көрсө, аталган жарандын кызы бул окуу жайга өтпөй калганы аныкталган. 10 жыл бою университеттин кызматкери аларды (апасы менен кызын) адаштырып келген.
2024-жылдын октябрь айынын аягында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин кафедра башчысы К. мурда алынган 115 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы