Ошто жоголуп кеткен бала чоң ата, чоң энесине кайтарылды

  • 2 года мурун

Ошто жоголуп кеткен бала чоң ата, чоң энесине кайтарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү саат 23:30 чамасында Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндө адашып жүргөн жеринен 2014-жылы туулган Ф.Ю, Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген.

29-июнь күнү өспүрүм Ф.Ю., менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү учурунда, анын ата-энеси такталып, бирок азыркы учурда Орусияда эмгектенип жатышкандыгына байланыштуу, ал Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жашаган чоң эне жана чоң атасына аныкталып, аларга өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары өспүрүм Ф.Ю., менен маектешүү учурунда, ал психологиялык жактан жабыркагандыгы жана психологдордун жардамына муктаж экендиги аныкталып, ага өз учурунда жардам көрсөтүү максатында, Кара-Суу районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуш каты жиберилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты