Ошто жети райондун акимине кызматтык унаа тапшырылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 25-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Ош облусундагы жети райондун акимине кызматтык унаа тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, район жетекчилерине 2023-жылы өндүрүштөн чыккан Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Унаалардын ачкычын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти- Болотбек Узакбаев жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Данияр Жаныкулов тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты