Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайы, мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды.

6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 04-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Конурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 06-август күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 177-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле 27-апрелде Карасуу районунун Коңурат айылынын тургуну 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6-сотка жерине Куттубек аттуу атуул «Менин чегим»-деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, куч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат 27-апрелде Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республиккасынын кылмыш жаза кодексинин 212-берененир 1-бөлүмүнүн негизинде сандуу кылмыш иши козголгон.
Натыйжада ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, Карасуу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты