Ошто жер мунапысы боюнча жарандарга кызыл китептер тапшырылды

  • 2 года мурун

Ошто жер мунапысы боюнча жарандарга кызыл китептер тапшырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу» мыйзамына ылайык, Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүнүн жарандарынын жашап жаткан турак жайына, алгачкы мамлекеттик актысын (кызыл китеп) берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Данир Иманалиев катышты. Белгилей кетсек, аталган мыйзамдын аткарылышынын алкагында буга чейин Кара-Суу жана Араван районунун тургундарына кызыл китептер берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты