Ошто жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылында жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган айылда эски жер көчкү активдешип, натыйжада көчкү жылып 5 турак үйгө коркунуч жаралган.

Жер көчкү ӨКМдин аталган департаментинин “АРГИС” программасына киргизилип, активдүүлүгү көзөмөлгө алынды.

ӨКМден билдиришкендей, жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү жүз миң куб метрди түзөт.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутунду 9-июнь күнү чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүүнү сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты