Ошто жеңил унаа толугу менен күйүп кетти
- 2 года мурун
Ошто жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
10-ноябрь күнү Ноокат райондагы Ош — Баткен —Исфана унаа жолунун 24-25- чакырымында унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №71 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 14:15те өрт чектөөгө алынып, саат 17:27де толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Муну бөлүшүү