Ошто жаш ойлоп табуучулар үчүн “Алтын түйүн” улуттук академиясынын филиалы ачылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземине Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов, “Алтын түйүн” улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары катышты. Аталган академиянын филиалы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун колдоосу менен облустук өнүктүрүү фондунан имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 1 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 3,5 миллион сомдук окуу эмеректер жана техникалык жабдуулар алынган. Жаңы 2022-2023-окуу жылында үч багытта робототехника, информатика жана техникалык моделдештирүү ийримдери уюштурулуп, Ош облусундагы талантуу окуучулар кабыл алынат жана жаш ойлоп табуучулар жана аларды окуткан мугалимдер үчүн мастер-класстар, семинарлар уюштурулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты