Ошто жасалма документтер менен үйлөр сатылып, ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

  • 7 месяцев мурун

Ошто жасалма документтер менен үйлөр сатылып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, май айында Ош шаарынын тургуну 1986-жылы туулган И.А. арыз менен милицияга кайрылган. Анда О.А. жана бир тууган синдиси О.Ж экөө Кара-Суу районунда 600 чарчы метр болгон жер тилкесинде, жашоо аянты 90,95 чарчы метр болгон үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ жасашып, алуу-сатуу келишимин түзүү менен өткөрүп берип, жалпы суммасы 21 миллион 189 миң сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алып, изин жашырып кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Андан тышкары Ош шаарынын 1965-жылы туулган М.Б аттуу жаран дагы ушундай эле арыз менен кайрылып, О.А. жана бир тууган синдиси О.Ж. экөө Кара-Суу районунда үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ менен сатышканын жана өзгөчө ири өлчөмдө тактап айтканда, 11 300 000 сомдук материалдык зыян келтирилгендигин билдирген.Аталган фактылар Ош облусунун Кара-Суу РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр 1980 жылы туулган О.А. жана 1981 жылы туулган О.Ж. тергөөгө келүүдөн баш тартып жүргөн жеринен, Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматына камсыз кылынып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда жогоруда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары маалым болуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты