Ошто жарнамалардагы мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын сактабагандарга чара көрүлдү

  • 12 месяцев мурун

Ошто жарнамалардагы мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын сактабагандарга чара көрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын А.Шакиров көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрдү. Текшерүү учурунда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген 30дан ашуун жарнамалар алынып салынды. Текшерүү иш-аракеттери күчөтүлгөн тартипте уланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты