Ошто жарнактарды стандартка ылайык келтирүү боюнча рейд учурунда 25тен ашык эскертүү берилди

  • 2 года мурун

Ошто жарнактарды стандартка ылайык келтирүү боюнча рейд учурунда 25тен ашык эскертүү берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын нормаларына келтирүү иштери уланууда.

Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен турган мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан соода объектилериндеги бардык көрнөк-жарнактарды талапка ылайык келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү.

Графиктин алкагында «Манас-Ата» жана «Амир-Тимур» МАБдарында 200дөн ашык коммерциялык объектилер текшерилип, анын жүрүшүндө соода жайларынын жана имараттарынын фасадындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Рейддердин жыйынтыгында 25тен ашык ишкерге тиешелүү эскертүүлөр берилди. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында тротуарларга орнотулган 20дан ашык жарнак тактайлары (штендер) алынды.

Көрсөтмөлөрдү алып мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты