Ошто жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы таштандыларды чыгарууну нормага келтирүү боюнча рейддер жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Ошто жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы таштандыларды чыгарууну нормага келтирүү боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда таштанды контейнерлерине салуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анткени бир катар соода объектилери, жеке адамдар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарып, санитардык нормаларды да, шаардын көрүнүшүн да бузуп жатышат. Таштанды чыгарууда нормаларды бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу турак жайлардын аймагында таштанды контейнерлеринин милдеттүү түрдө болушу боюнча маселе көтөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты