Ошто жаңы дайындалган айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилди

  • 2 года мурун

Ошто жаңы дайындалган айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүгүнөн билдиришти.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жаңы дайындалган айыл өкмөт башчыларын кабыл алды. Ош облусунун башчысы жаңы дайындалган жетекчилерге эл менен иштешүү, жарандардын көйгөйлүү маселелерин ыкчам жана жеринде чечүү тапшырмаларын берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун социалдык-экономикалык абалы боюнча 3 айлык жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында чечим кабыл алынып, президенттин жарлыктарын, Министрлер кабинетинин жана облустук бийликтин тапшырмаларын аткарбаган 12 айыл өкмөт башчысынын жана 1 шаар мэринин кызмат ордун кароо боюнча сунуш берилген. Мындан сырткары бир нече айыл өкмөт башчыларына эскертүү жана сөгүш жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты