Ошто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды
- 1 год мурун
Ошто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын Райымбеков көчөсүнүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан эркек киши (аты-жөнү такталууда) секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамды өз өмүрүн кыюудан сактап калышты.
Муну бөлүшүү