Ошто өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган кыз куткарылды

  • 2 года мурун

Ошто өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында 17 жаштагы К.А. аттуу кыз киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган кызды түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү. Андан соң ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты