Ошто виза алып берем деп жарандарды миллион сомго чыгым келтиргенге шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ошто виза алып берем деп жарандарды миллион сомго чыгым келтиргенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

20-июнда Кара-Суу РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы “Экстремист» аталыштагы ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагына караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Достук” чек ара пунктунда чет элдик жана Кыргыз жарандарына “Европа” өлкөлөрүнө виза алып беремин деп алдамчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды.

Аталган жаран Ош областынын Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын 27 жаштагы тургуну Б.М. аттуу жарандын инсандыгы аныкталып, алдамчылык фактылары менен шектелип, Кара-Суу РИИБнин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмышка шектүү өзүнүн кылмыштуу кыймыл аракети менен чет элдик жарандарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпысынан 1 миллион сом материалдык жактан зыян келтирилген. Азыркы учурда шектүү Б.М. аттуу жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кара-Суу РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 4 кылмыш иши катталып, тергөө иштери уланууда. Мындан сырткары 6 материал маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда, кылмышка шектүүнүн дарегине карата Өзбекстан жана Кыргызстан Республикасынын жарандары арыз менен кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты